# 60-берене. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 60-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-60

---

1. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү кыймылсыз мүлктүн менчик укугуна же башка мүлктүк укукка таандыктыгы, бул мүлккө укуктарды чектөөлөр (оорлотуу) бар же жоктугу текшерилгенден кийин жүргүзүлөт.

2. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон ар кандай маалыматты мамлекеттик жана башка органдардан, анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумдарынан алууга укуктуу.

3. Бүтүмгө катышкан жактын арызы боюнча нотариус кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоонун Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо үчүн келишимди кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-61)
