# 6-берене. Жеке нотариустун жардамчысы

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 6-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-6

---

1. Жеке нотариус 3төн көп эмес жардамчыга ээ болушу мүмкүн.

2. Юридикалык жогорку билими бар, соттуулугу жок Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариустун жардамчысы боло алат.

3. Жеке нотариустун жардамчысы ишмердигин эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырат.

4. Жеке нотариус жардамчы менен эмгек келишимин түзгөнү же бузганы жөнүндө жеке нотариус Юстиция министрлигине жана Нотариалдык палатага 7 күндүн ичинде кабарлайт.

5. Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин Юстиция министрлиги жүргүзөт.

6. Жеке нотариустун жардамчысынын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.

7. Жардамчы жеке нотариустун көрсөтмөсү боюнча жана анын жоопкерчилиги алдында нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү, нотариалдык актылардын долбоорлорун даярдоо, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча консультацияларды берүү боюнча анын нотариалдык ишти алмаштыра албаган жана көмөкчү мүнөзгө ээ болгон тапшырмаларын аткарууга укуктуу.

8. Жардамчы нотариалдык ишти жүргүзүүгө, жеке нотариустун энчилүү мөөрүн жана күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамгасын (мындан ары - квалификацияланган электрондук колтамга) колдонууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-7)
