# 52-берене. Нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 52-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-52

---

1. Нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартат, эгерде:

1) мындай иш-аракетти жасоо мыйзамдарга карама-каршы келсе;

2) иш-аракетти башка нотариус жасоого тийиш болсо;

3) аракетке жөндөмсүз жаран же болбосо зарыл ыйгарым укуктары болбогон өкүл нотариалдык иш-аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылса;

4) юридикалык жактын атынан жасалуучу бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарга карама-каршы келсе;

5) бүтүм мыйзамдын талаптарына шайкеш келбесе;

6) нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн берилген документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе.

2. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө баяндоого жана ага даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда нотариус үч жумуш күндөн кечиктирбестен нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-53)
