# 51-берене. Күбөлөндүргөн жазууларды жазуу, күбөлүктөрдү берүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 51-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-51

---

1. Күбөлөндүргөн жазуулар бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө, документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын, документтерге коюлган колтамганын аныктыгын, документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрүүдө, документтерди берүү убактысын күбөлөндүрүүдө тийиштүү документтерде жүргүзүлөт.

2. Мурастоо укугун, менчик укугун ырастоо, жарандын тирүү экендигинин жана белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын, жарандын фотосүрөттөгү адамга окшоштугун күбөлөндүрүү, документтерди сактоого кабыл алуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү тиешелүү күбөлүктөрдү берүү менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-52)
