# 50-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилүүчү документтерге карата талаптар

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 50-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-50

---

1. Нотариустар жана нотариалдык иш-аракеттерди жасап жаткан башка адамдар нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн тазалап оңдоосу же кошуп жазуусу, чийип салынган сөздөрү жана башка түзөтүүлөрү бар документтерди, ошондой эле карандаш менен түзүлгөн (жазылган) документтерди кабыл албайт.

2. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн тексти айкын жана так жазылууга тийиш, документтин мазмунуна тиешелүү болгон числолор жана мөөнөттөр - кеминде бир жолу сөз менен жазылууга, ал эми юридикалык жактардын аталыштары - кыскартылбастан, алардын органдарынын даректерин, жарандардын фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын, алар жашаган жерлеринин даректерин көрсөтүү менен толук жазылууга тийиш.

3. Көлөмү бир барактан ашкан кагаз түрүндөгү документтеги бардык барактар номер коюлууга, көктөлүүгө жана мөөр басылууга тийиш.

4. Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн алардын форматы ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптарына шайкеш келген жана нотариустун кармагында болгон программалык-техникалык каражаттар менен калыбына келтирилиши мүмкүн болгон электрондук документтерди кабыл алат.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-51)
