# 49-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук формада жасоо

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 49-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-49

---

1. Нотариус менен арыз берүүчүнүн ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү арыз берүүчүнүн жеке катышуусу менен жүргүзүлөт.

2. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча нотариус электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык электрондук колтамгасы бар нотариалдык электрондук документти түзүү аркылуу нотариалдык иш-аракетти электрондук формада жүргүзөт.

3. Нотариалдык электрондук документке арыз ээси кол коюуга тийиш болгон учурда арыз ээси ага нотариустун катышуусунда электрондук колтамганы коет.

4. Электрондук колтамга жана анын атынан электрондук түрдө нотариалдык иш-аракет жасалып жаткан арыз ээсине анын таандыктыгы электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык нотариус тарабынан текшерилет.

5. Нотариалдык электрондук документке күбөлөндүрүүчү жазууга нотариустун квалификациялык электрондук колтамгасы коюлууга тийиш.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-50)
