# 48-берене. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмгө, арызга жана башка документтерге кол коюу тартиби

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 48-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-48

---

1. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн, күбөлүктүн, арыздын жана башка документтердин мазмунун нотариус катышуучуларга өз алдынча окуу үчүн көрсөтүүгө же үн чыгарып окуп берүүгө милдеттүү. Нотариалдык тартипте таризделүүчү документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат.

2. Эгерде жаран дене боюндагы кемчиликтерден, оорудан улам же кандайдыр бир себептер боюнча жеке өзү кол кое албаса, анда анын тапшырмасы боюнча, анын катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке анын өкүлү (үчүнчү жак) кол кое алат, мында документке нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган жаран өз кол менен кол койбогондугунун себептери көрсөтүлөт.

3. Эгерде жаран дене боюндагы кемчилдиктеринен улам жеке өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана бүтүмгө, арызга же башка документке өзүнүн атынан кол коюуну үчүнчү адамга ишенүүнү каалабаса, ал аныктыгы ушул Мыйзамга ылайык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен кол кое алат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-49)
