# 46-берене. Нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү үчүн кайрылган адамдын ким экендигин аныктоо

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 46-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-46

---

1. Нотариалдык иш-аракетти жасоо учурунда нотариус, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган адамдын, анын өкүлүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн ким экендигин аныктайт.

2. Адамдын ким экендигин аныктоо паспорттун же нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын ким экендиги жагынан ар кандай шектенүүнү жокко чыгарган ким экендигин ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн, атап айтканда, кыймылдуу мүлктүн күрөөсү жөнүндө билдирүүлөрдү же арыз ээлеринин кыймылдуу мүлктүн күрөөсү жөнүндө билдирүүлөрүнүн реестринен көчүрмөнү берүү тууралуу арызын каттоо үчүн нотариуска электрондук түрдөгү документтерди жөнөтүүдө анын ким экендиги анын квалификациялык электрондук колтамгасы текшерилген жана анын арыз берүүчүгө таандык экендиги электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ырасталган шартта аныкталды деп эсептелет.

3. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын ким экендигин аныктоодо нотариус жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумун пайдаланат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-47)
