# 45-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негиздери, кийинкиге калтыруунун жана токтотуп туруунун мөөнөттөрү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 45-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-45

---

1. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо төмөнкүдөй учурда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:

1) жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарыл болгондо;

2) документтер экспертизага жөнөтүлгөндө.

2. Эгерде мыйзамга ылайык кызыкдар жактарда нотариалдык иш-аракеттерди жасоого каршы аларда каршы пикирдин жоктугу жөнүндө алардан суратуу зарыл болсо, аларды жасоо кийинкиге калтырылууга тийиш.

3. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу мөөнөтү аны кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгырылган күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.

4. Башка кызыкдар жак күбөлөндүрүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо 10 күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак өзүнүн арызы сотко келип түшкөндүгү жөнүндө тастыктаган документти бербесе, нотариалдык иш-аракет жасалууга тийиш.

5. Башка кызыкдар жак аны күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнгөн укукту же фактыны талашкан кызыкдар жактын арызы келип түшкөндүгү жөнүндө маалымат соттон алынган учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо сот тарабынан иш чечилгенге чейин токтотулуп турат.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу жана токтото туруу үчүн башка негиздер да белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-46)
