45-берене. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негиздери, кийинкиге калтыруунун жана токтотуп туруунун мөөнөттөрү
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 8-глава
1. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо төмөнкүдөй учурда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:
1) жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарыл болгондо;
2) документтер экспертизага жөнөтүлгөндө.
2. Эгерде мыйзамга ылайык кызыкдар жактарда нотариалдык иш-аракеттерди жасоого каршы аларда каршы пикирдин жоктугу жөнүндө алардан суратуу зарыл болсо, аларды жасоо кийинкиге калтырылууга тийиш.
3. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу мөөнөтү аны кийинкиге калтыруу жөнүндө токтом чыгырылган күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.
4. Башка кызыкдар жак күбөлөндүрүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо 10 күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак өзүнүн арызы сотко келип түшкөндүгү жөнүндө тастыктаган документти бербесе, нотариалдык иш-аракет жасалууга тийиш.
5. Башка кызыкдар жак аны күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнгөн укукту же фактыны талашкан кызыкдар жактын арызы келип түшкөндүгү жөнүндө маалымат соттон алынган учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо сот тарабынан иш чечилгенге чейин токтотулуп турат.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында нотариалдык иш-аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу жана токтото туруу үчүн башка негиздер да белгилениши мүмкүн.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (7)
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 16-сентябры № 4-б "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү…Приказ · 16.09.2024 · № 4-п
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш–аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамаИнструкция · 29.12.2023 · № 218
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин…Инструкция · 29.12.2023 · № 218
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 4-июнунданы № 3-б буйругу менен бекитилген)Стандарт · 04.06.2024 · № 3-п · Күчүн жоготкон
- Нотариалдык иш-аракеттер — КР жарандары үчүнГосуслуга
- Нотариалдык иш-аракеттер — чет өлкөлүк жарандар үчүнГосуслуга
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-45" title="45-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>