# 41-берене. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган нотариалдык иш-аракеттер

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 41-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-41

---

1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди кошпогондо, бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;

2) мурас калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;

3) мураска укук жөнүндө күбөлүк берет;

4) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет;

5) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;

6) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;

7) документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;

8) жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;

9) жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;

10) жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;

11) документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;

12) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;

13) аткаруу жазууларын жүргүзөт;

14) документтерди сактоого кабыл алат;

15) далилдерди камсыздайт;

16) деңиз протесттерин жасайт.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-42)
