Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
41-берене. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган нотариалдык иш-аракеттер
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 7-глава
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди кошпогондо, бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
2) мурас калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;
3) мураска укук жөнүндө күбөлүк берет;
4) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет;
5) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
6) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
7) документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
8) жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;
9) жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;
10) жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;
11) документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;
12) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
13) аткаруу жазууларын жүргүзөт;
14) документтерди сактоого кабыл алат;
15) далилдерди камсыздайт;
16) деңиз протесттерин жасайт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш–аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамаИнструкция · 29.12.2023 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын…Постановление · 28.12.2023 · № 716 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-41" title="41-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>