Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
39-берене. Нотариустар жасай турган нотариалдык иш-аракеттер
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2025 года № 171
1. Нотариустар төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:
1) бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
2) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет;
3) документтерди көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт;
4) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
5) документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
6) жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;
7) жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;
8) жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;
9) документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;
10) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын башка жеке жана юридикалык жактарга берет;
11) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
12) аткаруу жазууларын жүргүзөт;
13) векселдерге протест жасайт;
14) чектерди төлөөгө берет жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт;
15) документтерди сактоого кабыл алат;
16) деңиз протесттерин жасайт;
17) далилдерди камсыздайт;
18) тиешеси жок жак мүлктү жана баалуу кагаздарды легалдаштыруу субъекттине акысыз өткөрүп бериши жөнүндө келишимди күбөлөндүрөт;
19) мурасталган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;
20) мураска укук жөнүндө күбөлүктөрдү берет;
21) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт;
22) кагаз түрүндөгү документтин электрондук документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрөт;
23) электрондук документтин кагаз түрүндөгү документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрөт;
24) электрондук документтеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
25) нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого берет;
26) нотариалдык буйруктарды чыгарат.
27) макулдуктарды күбөлөндүрөт.
2. Кыймылсыз мүлктү ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте аралыктан жасалышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
4. Жубайлардын бири каза болгон учурда менчик укугу жөнүндө күбөлүктү мурастоо укугун тариздөө компетенциясына кирген нотариус берет.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы N 111, 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2025 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик каттоого берет;
26) нотариалдык буйруктарды чыгарат.
кошулду: 27) макулдуктарды күбөлөндүрөт.
2. алынып салынды: Мүлктү кошулду: Кыймылсыз мүлктү ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз … компетенциясына кирген нотариус берет.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы алынып салынды: № 111 Мыйзамынын редакциясына кошулду: N 111, 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-39" title="39-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>