# 38-берене. Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 38-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-38

---

Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) ал бекитилген мөөнөт аяктаганда;

2) ал өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;

3) юстиция органынын өкүлү мамлекеттик кызматты токтоткондо;

4) жеке нотариустун статусу жоготулганда;

5) каза болгондо;

6) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-9-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктар токтотулуп турганда;

7) жеке нотариус Кеңештин кезектеги жыйына жүйөлүү себептерсиз 5 жолу катары менен келбегенде (ооруп калуу, окуу өргүүсү, башка жүйөлүү себептер тастыктоочу документтер болгондо);

8) Нотариалдык палатанын уставында каралган башка негиздер.

II-БӨЛҮМ. НОТАРИАЛДЫК ИШ-АРАКЕТТЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЖАСОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-39)
