# 35-берене. Нотариалдык палатанын уставы

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 35-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-35

---

1. Нотариалдык палатанын уставы Жеке нотариустардын жалпы чогулушунда бекитилет.

2. Нотариалдык палатанын уставында төмөнкүлөр каралат:

1) Нотариалдык палатанын максаттары, милдеттери жана функциялары;

2) Нотариалдык палатанын Кеңешинин, Нотариалдык палатанын Текшерүү комиссиясынын курамын түзүү жана Нотариалдык палатанын Төрагасын жана Нотариалдык палатанын башка органдарын жана комиссияларын шайлоо тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;

3) Нотариалдык палатага мүчөлүктүн шарттары жана тартиби;

4) Нотариалдык палатанын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

5) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;

6) Нотариалдык палатанын окуу борборун түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартиби;

7) жеке нотариустардын квалификациясын жогорулатуу тартиби;

8) Нотариалдык палатанын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;

9) Нотариалдык палатанын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;

10) финансылык отчеттуулукту берүү, ошондой эле аны жарыялоо тартиби;

11) Нотариалдык палатанын башкаруу органдары Нотариалдык палатанын иши жөнүндө отчеттулукту беришинин тартиби.

3. Уставда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Нотариалдык палатанын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-36)
