# 33-берене. Нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө теңештирилген керээздерди жана ишеним каттарды кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 33-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-33

---

1. Нотариалдык күбөлөндүрүү документтерине төмөнкүлөр теңдештирилет:

1) госпиталдарда, санаторийлерде жана башка дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүргөн жарандардын мындай мекеменин жетекчиси же башкы врачы тарабынан ырасталган керээздери жана ишеним каттары;

2) мамлекеттик жана жеке нотариустар жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоочу башка органдар болбогон аскердик бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик-окуу мекемелери жайгашкан пункттарда аскер кызматчыларынын, жумушчулардын жана кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керээздери жана ишеним каттары, ошондой эле жумушчулар менен кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайынын командири (начальниги) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;

3) эркиндигинен ажыратуу жерлериндеги же камакта кармалып турган адамдардын тиешелүү мекеменин начальниги тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;

4) социалдык коргоо мекемелериндеги жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жарандардын ушул мекеменин администрациясы же ушул мекеменин жетекчиси (орун басары) же калкты социалдык коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси (орун басары) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-34)
