# 32-берене. Нотариустар кесиптик милдеттерди аткарышын контролдоо

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 32-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-32

---

1. Нотариустар кесиптик милдеттерди аткарышына контролду Юстиция министрлиги жүзөгө ашырат. Нотариустар салык мыйзамдарын сакташына контролду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө салык органдары жүзөгө ашырат.

2. Нотариустун кесиптик ишин текшерүү 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт. Нотариалдык ишти жүзөгө ашырууга биринчи жолу киришип жаткан нотариусту биринчи жолу текшерүү мамлекеттик нотариустун кызмат ордуна дайындалгандан же жеке нотариустун лицензиясын алгандан кийин бир жылдан кийин жүргүзүлүүгө тийиш. Нотариустун аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу (арыз) келип түшкөн учурда, келип түшкөн даттануунун (арыздын) чектеринде текшерүү жүргүзүлөт, ал текшерүүнүн жүрүшүндө табылган айкын мыйзам бузууларды текшерүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

3. Нотариустар текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.

4. Кылмыштын белгилери табылган учурда текшерүүнүн материалдары тиешелүү укук коргоо органына жөнөтүлөт. Мындай учурларда Юстиция министрлиги кылмыш ишин тергөөнүн жана/же соттук кароонун натыйжаларына таянуу менен нотариуска таасир этүү чараларын көрөт.

5. Нотариустардын ишин текшерүүнүн тартибин Юстиция министрлиги аныктайт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-33)
