# 30-берене. Нотариалдык ишти каржылоо

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 30-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-30

---

1. Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары болуп жасалган нотариалдык иш-аракеттер жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн келип түшкөн каражаттар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттар саналат.

2. Салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин жеке нотариус алган акча каражаттары анын менчигине өтөт.

3. Жеке нотариустар ар кандай банкта эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.

4. Жеке нотариустардын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары алардын кирешеси болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-31)
