3-берене. Нотариалдык иш-аракеттер
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2025 года № 171
1. Нотариалдык иш-аракеттер юридикалык мааниге ээ болгон талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоо, документтерди күбөлөндүрүү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык ишенимдүүлүктү берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка иш-аракеттерди билдирет.
2. Кыргыз Республикасында нотариалдык иш-аракеттерди ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана жеке нотариустар жасайт.
3. Калктуу конушта нотариус жок болгон учурларда айрым нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
4. Башка мамлекеттердин аймактарында нотариалдык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бул иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзөт.
5. Ушул Мыйзамда каралган нотариалдык иш-аракеттердин тизмеги бүтпөйт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер каралышы да мүмкүн.
6. Нотариалдык акт - нотариус тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн жана нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же чет өлкөлүк мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн документ.
7. Нотариалдык акт мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн юридикалык мааниге ээ болгон укуктардын, милдеттердин, ошондой эле фактылардын жана жагдайлардын расмий ырастоосу катары кызмат кылат.
8. Нотариалдык актылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, жарандар жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2025 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер каралышы да мүмкүн. кошулду: 6. Нотариалдык акт - нотариус тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн жана нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же чет өлкөлүк мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн документ. 7. Нотариалдык акт мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн юридикалык мааниге ээ болгон укуктардын, милдеттердин, ошондой эле фактылардын жана жагдайлардын расмий ырастоосу катары кызмат кылат. 8. Нотариалдык актылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, жарандар жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү. (КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш–аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамаИнструкция · 29.12.2023 · № 218
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин…Инструкция · 29.12.2023 · № 218
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 02.07.2015 · № 142
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-3" title="3-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>