# 29-берене. Нотариалдык иш-аракеттерге жана нотариустар берүүчү башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2024 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008752)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540#diff=1244951..10686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 29-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-29

---

1. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ставкалар боюнча мамлекеттик алымды алат.

2. Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Нотариалдык палата менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн аныктоо методикасы менен аныкталат. Мамлекеттик нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ставкаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Мамлекеттик алым же тарифке ылайык акчалай сумма төлөнгөндөн кийин нотариалдык иш-аракет жасалды деп таанылат.

4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган жеке жана юридикалык жактар үчүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер мамлекеттик, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, документтердин долбоорлорун түзүү, көчүрмөлөрдү берүү жана техникалык иштерди аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу учурунда бул адамдарга жайылтылат.

5. Нотариалдык кеңсенин имаратынан тышкары жерде жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер үчүн мамлекеттик алым эки эселенген өлчөмдө алынат, ошондой эле бул иш-аракеттерди жасоо үчүн барууга байланышкан иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-30)
