# 26-берене. Нотариустун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 26-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-26

---

1. Нотариустар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда кылмыш-жаза, жарандык жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Жасалган нотариалдык иш-аракет жөнүндө маалыматты атайын жарыя кылган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген нотариалдык иш-аракетти жасаган нотариус же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемесинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга соттун чечими боюнча милдеттүү.

3. Мамлекет жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоосунун натыйжасында жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-27)
