# 22-берене. Мамлекеттик жана жеке нотариустардын реестрлери

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 22-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-22

---

1. Мамлекеттик жана жеке нотариустардын реестрлерин Юстиция министрлиги жүргүзөт.

2. Мамлекеттик нотариустардын реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер болсо);

2) нотариалдык кеңсенин юридикалык дареги;

3) байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги жана почта дареги);

4) нотариустун фотосүрөтү (ар бир 10 жылда);

5) мөөрүнүн үлгүсү;

6) колтамгасынын үлгүсү.

3. Жеке нотариустардын реестринде, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтардан тышкары, төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт:

1) нотариалдык округ;

2) лицензия берилген дата жана каттоо номери;

3) лицензияны токтото туруунун, лицензиянын колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн негизи жана мөөнөтү;

4) лицензиянын колдонулушун токтотуу жана аны кайра чакырып алуунун негизи жана датасы.

4. Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ар кандай өзгөртүүлөр жөнүндө нотариустар мындай жагдай келип чыккан күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде Юстиция министрлигине кабарлоого тийиш.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-23)
