# 21-берене. Жеке нотариалдык кеңсе жана нотариалдык бюро

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 21-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-21

---

1. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариус өзүнүн нотариалдык округунун чегинде (иш аймагында) нотариалдык бир кеңсеге ээ болууга милдеттүү.

2. Эки жана андан ашык жеке нотариус нотариалдык бюрону түзө алат. Жеке нотариалдык кеңсени жана нотариалдык бюрону каттоону Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Юстиция министрлиги жүргүзөт.

3. Жеке нотариалдык кеңсе жана нотариалдык бюро юридикалык жак болуп саналбайт.

4. Нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун имаратына карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-22)
