# 2-берене. Нотариат

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 2-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-2

---

1. Нотариат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жолу менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу милдети жүктөлгөн мамлекеттик жана жеке нотариустардын, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын тутумун билдирет.

2. Нотариалдык иш - нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча консультацияларды, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди топтоо, мамлекеттик жана башка органдардан, жеке жана юридикалык жактардан юридикалык маанилүү маалыматтарды алуу, нотариалдык документтерди сактоо жана башка иш-аракеттерди жасоо жолу менен зарыл шарттарды түзүү боюнча нотариустун иши.

3. Жеке нотариалдык иш коомдук-укуктук мүнөзгө ээ, ишкердик, экономикалык иш болуп саналбайт жана киреше алуу максатын көздөбөйт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-3)
