# 19-берене. Нотариалдык округ (жеке нотариустун иштөөчү аймагы)

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2025 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029759)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540#diff=32998..35261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 19-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-19

---

1. Нотариалдык округ (жеке нотариустун иштөөчү аймагы) Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык түзүлүшкө ылайык белгиленет. Райондук же башка административдик түзүлүшү болгон шаарларда тийиштүү шаардын бүткүл аймагы нотариалдык округ болуп саналат.

2. Нотариалдык округ жеке нотариустун арызынын негизинде Юстиция министрлигинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн.

21. Нотариалдык округдагы нотариустардын санынын чеги Нотариалдык палата менен биргеликте Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык округдагы калктын санына жана жыштыгына жараша төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат:

а) республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 5000 адамга бир нотариус;

б) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 10000 адамга бир нотариус;

в) райондордун чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 15000 адамга бир нотариус.

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 19-беренсине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ар бир жаран нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн каалаган нотариуска кайрылууга укуктуу.

4. Жеке нотариус тарабынан ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурда өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары жерде нотариалдык иш-аракеттердин жасалышы бул иш-аракетти анык эмес деп таанууга алып келбейт.

5. Керээз калтыруучу катуу ооруган учурда ошол нотариалдык округда нотариус жок болгондо керээзди ырастоо үчүн нотариус башка нотариалдык округга барууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-20)
