Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Нотариалдык округ (жеке нотариустун иштөөчү аймагы)
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2025 года № 171
1. Нотариалдык округ (жеке нотариустун иштөөчү аймагы) Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык түзүлүшкө ылайык белгиленет. Райондук же башка административдик түзүлүшү болгон шаарларда тийиштүү шаардын бүткүл аймагы нотариалдык округ болуп саналат.
2. Нотариалдык округ жеке нотариустун арызынын негизинде Юстиция министрлигинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
21. Нотариалдык округдагы нотариустардын санынын чеги Нотариалдык палата менен биргеликте Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык округдагы калктын санына жана жыштыгына жараша төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат:
а) республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 5000 адамга бир нотариус;
б) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 10000 адамга бир нотариус;
в) райондордун чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 15000 адамга бир нотариус.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 19-беренсине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ар бир жаран нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн каалаган нотариуска кайрылууга укуктуу.
4. Жеке нотариус тарабынан ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурда өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары жерде нотариалдык иш-аракеттердин жасалышы бул иш-аракетти анык эмес деп таанууга алып келбейт.
5. Керээз калтыруучу катуу ооруган учурда ошол нотариалдык округда нотариус жок болгондо керээзди ырастоо үчүн нотариус башка нотариалдык округга барууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2025 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нотариате"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…негизинде Юстиция министрлигинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн. кошулду: 21. Нотариалдык округдагы нотариустардын санынын чеги Нотариалдык палата менен биргеликте Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык округдагы калктын санына жана жыштыгына жараша төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: а) республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 5000 адамга бир нотариус; б) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 10000 адамга бир нотариус; в) райондордун чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 15000 адамга бир нотариус. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамы менен берилген Мыйзамдын 19-беренсине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 3. Ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ар … ырастоо үчүн нотариус башка нотариалдык округга барууга укуктуу. кошулду: (КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.07.2025 · № 171
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-19" title="19-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>