# 16-берене. Жеке нотариустун анты

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 16-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-16

---

1. Лицензияны биринчи жолу алган жеке нотариус Квалификациялык комиссиянын жыйналышында салтанаттуу кырдаалда төмөнкү мазмундагы антты берет:

"Мен, ..., жеке нотариустун милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана өзүмдүн абийирим менен аткарууга, нотариалдык иш-аракетти калыс жана адилеттүү жүргүзүүгө, кесиптик сырды сактоого, өзүмдүн жүрүм-турумумда адамга карата гумандуулук жана урматтоо принциптерин жетекчиликке алууга салтанаттуу түрдө ант берем".

2. Жеке нотариус өз ыйгарым укуктарын аткарууга ант берген күндөн баштап киришет.

3. Жеке нотариус Юстиция министрлигинин жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензияны берүү жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен ант берет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-17)
