# 15-берене. Квалификациялык комиссия

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 15-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-15

---

1. Квалификациялык комиссия Нотариалдык палатанын жана илимий юридикалык коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Юстиция министрлигинин алдында түзүлөт.

2. Квалификациялык комиссия лицензия алууга талапкер адамдардын стажировкага жиберүү жөнүндө арыздарын карайт, квалификациялык экзаменди алат, кийин тийиштүү чечимдерди кабыл алуу менен лицензиясы бар адамдардын иш-аракеттерине карата келип түшкөн даттанууларды карайт.

3. Квалификациялык комиссиянын укуктук статусу жана иш тартиби Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-16)
