# 13-берене. Юстиция министрлигинин нотариат жана нотариалдык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 13-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-13

---

1. Юстициянын ыйгарым укуктуу органы - нотариалдык ишти контролдоо жаатындагы мамлекеттик орган, анын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга жана мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык аныкталат.

2. Юстиция министрлиги:

1) нотариат тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;

2) нотариустар жана Нотариалдык палата тарабынан нотариат жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

3) нотариат жөнүндө мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан сактоосу боюнча ишти координациялайт, аларга методикалык жардам көрсөтөт жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгат;

4) Нотариалдык палатанын иши жөнүндө зарыл маалыматты сурайт;

5) нотариат жөнүндө мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоону, мониторингди жана жалпылоону жүргүзөт;

6) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик актыларда каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

3. Ушул беренеде белгиленген ыйгарым укуктар Юстиция министрлигинин чечими менен юстициянын аймактык органдарына берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-14)
