# 12-берене. Нотариустун энчилүү мөөрү, штамптары, бланктары жана квалификацияланган электрондук колтамгасы

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 12-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-12

---

1. Нотариус лицензиянын номерин (менчик нотариустар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын жана нотариалдык округдун же мамлекеттик нотариалдык кеңсенин аталышын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жалгыз нускадагы энчилүү мөөргө, күбөлөндүрүлгөн жазуулары бар штамптарга, өздүк бланктарга ээ. Нотариустун мөөрү ошондой эле коргоонун жеке каражаттарын камтышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик нотариустар үчүн мөөрдү даярдоо Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

3. Жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мөөрдү даярдоосу Юстиция министрлигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жүргүзүлөт.

4. Нотариустун мөөрүнүн изи ал жасалгандан кийин 3 күндүн ичинде тиешелүү Нотариустардын мамлекеттик реестринде белгиленүүгө тийиш.

5. Мөөрү жоголгон же бузулган учурда нотариус бул жөнүндө Юстиция министрлигине бир жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

6. Мөөрдүн жоголгондугу жөнүндө жарыя нотариустун билдирүүсү келип түшкөн күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланат.

7. Жеке нотариус мөөрү жоголгондугу жөнүндө жарыяны 5 жумушчу күндүн ичинде республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.

8. Нотариус электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификацияланган электрондук колтамганы алууга тийиш.

9. Электрондук документтер менен нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жана нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумуна маалыматтарды берүү үчүн нотариус квалификацияланган электрондук колтамганы пайдаланат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-13)
