Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Нотариустун энчилүү мөөрү, штамптары, бланктары жана квалификацияланган электрондук колтамгасы
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-глава
1. Нотариус лицензиянын номерин (менчик нотариустар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын жана нотариалдык округдун же мамлекеттик нотариалдык кеңсенин аталышын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жалгыз нускадагы энчилүү мөөргө, күбөлөндүрүлгөн жазуулары бар штамптарга, өздүк бланктарга ээ. Нотариустун мөөрү ошондой эле коргоонун жеке каражаттарын камтышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик нотариустар үчүн мөөрдү даярдоо Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
3. Жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мөөрдү даярдоосу Юстиция министрлигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жүргүзүлөт.
4. Нотариустун мөөрүнүн изи ал жасалгандан кийин 3 күндүн ичинде тиешелүү Нотариустардын мамлекеттик реестринде белгиленүүгө тийиш.
5. Мөөрү жоголгон же бузулган учурда нотариус бул жөнүндө Юстиция министрлигине бир жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
6. Мөөрдүн жоголгондугу жөнүндө жарыя нотариустун билдирүүсү келип түшкөн күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланат.
7. Жеке нотариус мөөрү жоголгондугу жөнүндө жарыяны 5 жумушчу күндүн ичинде республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
8. Нотариус электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификацияланган электрондук колтамганы алууга тийиш.
9. Электрондук документтер менен нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жана нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумуна маалыматтарды берүү үчүн нотариус квалификацияланган электрондук колтамганы пайдаланат.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна…Приказ · 08.11.2017 · № 242 · Күчүн жоготкон
- приказ Министерства юстиции Кыргызской Республики 2021-жылдын 9-апрели № 1 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия…Приказ · 09.04.2021 · № 1 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-12" title="12-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>