# 115-берене. Эл аралык келишим

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 115-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-115

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандан башка эрежелер белгиленсе, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоону нотариустун компетенциясына киргизсе, нотариус бул нотариалдык иш-аракетти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-116)
