# 112-берене. Чет өлкөдө түзүлгөн документтерди нотариустун кабыл алышы

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 112-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-112

---

1. Чет өлкөдө башка мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызмат адамдарынын катышуусу менен түзүлгөн же алардан чыккан документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин органы аларды легалдаштырган шартта нотариус тарабынан кабыл алынат.

2. Бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда мындай документтер нотариус тарабынан легалдаштырылбастан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-113)
