# 109-берене. Далилдерди камсыз кылуу боюнча нотариустун иш-аракеттери

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 109-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-109

---

1. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариус күбөлөрдү суракка алат, жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин карап чыгат, экспертизаны дайындайт.

2. Далилдерди камсыз кылуу боюнча процессуалдык иш-аракеттерди аткарууда нотариус Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарынын тийиштүү ченемдерин жетекчиликке алат.

3. Нотариус тараптарга жана кызыкдар адамдарга далилдерди камсыз кылуу убактысы жана орду жөнүндө билдирет, бирок алардын келбегендиги далилдерди камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн тоскоол болуп саналбайт.

4. Тараптардын бирине же кызыкдар жактарга кабарлабастан далилдерди камсыз кылуу кийинкиге калтырууга болбогон же кийин ишке кимдер катыша тургандыгын аныктоо мүмкүн болбогон учурларда гана жүргүзүлөт.

5. Чакыруу боюнча күбө же эксперт келбеген учурда нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн күбө же эксперт жашаган жер боюнча сотко бул жөнүндө кабарлайт.

6. Нотариус күбөгө жана экспертке билип туруп жалган көрсөтмө же корутунду бергендиги үчүн жана көрсөтмө же кортунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-110)
