# 106-берене. Деңиз протести жөнүндө билдирүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 106-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-106

---

1. Кыргыз Республикасынын соодалык деңизде сүзүүнү жөнгө салган мыйзамдарына ылайык деңиз протести жөнүндө билдирүү кеме портко кирген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет. Эгерде деңиз протестин билдирүү зарылчылыгын пайда кылган окуя портто болуп өтсө, протест окуя болуп өткөн учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде билдирилүүгө тийиш.

2. Эгерде протестти белгиленген мөөнөттө билдирүү мүмкүн болбосо, анын себеби деңиз протести жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-107)
