# 105-берене. Деңиз протести жөнүндө билдирүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 105-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-105

---

1. Нотариус кеменин ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыздоо максатында кеме сүзгөн же токтоп турган мезгилде болгон окуя жөнүндө кеменин капитанынын билдирүүсүн кабыл алат, ал кеменин ээсине мүлктүк талаптарды коюу үчүн негиз болушу мүмкүн.

2. Деңиз протести жөнүндө билдирүү окуянын жагдайларын баяндоону жана өзүнө ишенип тапшырылган мүлктүн сакталышын камсыздоо үчүн капитан көргөн чараларды камтууга тийиш.

3. Деңиз протести жөнүндө билдирүүдө баяндалган жагдайларды ырастап, кеменин капитаны Кыргыз Республикасынын соодалык деңизде сүзүүнү жөнгө салган мыйзамдарына ылайык, билдирүү менен бир эле учурда же болбосо, эгерде ал портто орун алган болсо, портко кирген учурдан тартып же окуя болгон учурдан тартып жети күндөн кеч эмес мөөнөттө нотариуска кеме журналын жана кеме журналынан капитан күбөлөндүргөн көчүрмө бөлүктү көрүүгө берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-106)
