# 102-берене. Чекти төлөөгө берүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 102-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-102

---

1. Төлөөчү турган жер боюнча нотариус, эгерде чек Кыргыз Республикасынын аймагында берилсе, берилген күндөн тартып он күн өткөндөн кийин; эгерде чек Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагында берилсе - жыйырма күн өткөндөн кийин; эгерде чек кайсы бир башка мамлекеттин аймагында берилсе - чек берилген күндөн тартып 70 күн өткөндөн кийин, бирок бул күндөн кийинки күнү 12 сааттан кечиктирбестен көрсөтүлгөн чекти төлөөгө берүү үчүн кабыл алат.

2. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекке жазуу аркылуу чектин төлөнбөгөндүгүн ырастайт жана реестрде бул жөнүндө белгилейт. Чектеги жазуу менен бир эле учурда анын чеги банкта төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жазылгандыгы жөнүндө чек берүүчүгө кабарлоо жөнөтүлөт.

3. Чек кармоочунун өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда аткаруу жазуусун жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-103)
