# 100-8-берене. Карызкорго нотариалдык буйруктун көчүрмөсүн жөнөтүү

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 151-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-100-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 100-8-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-100-8

---

1. Ушул Мыйзамдын 1002-беренесинин 1, 2, 4-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча нотариалдык буйрук чыгарылгандан кийин нотариус кийинки күндөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн карызкорго тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен жөнөтөт.

2. Карызкор нотариалдык буйруктун көчүрмөсүн алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин анын нотариуска келип түшүүсүн камсыз кылуучу кандай болбосун байланыш каражаттарын пайдалануу менен жөнөтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [1007-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-1007)  
Кийинки берене: [100-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-100-9)
