# 10-берене. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму

- Документ: [Нотариат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112540)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 "Нотариат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3305/edition/1244951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112540/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариат жөнүндө, 10-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-10

---

1. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму болуп нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү процесстерин комплекстүү автоматташтырууга жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоого арналган мамлекеттик маалымат тутуму саналат. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунун оператору болуп Юстиция министрлиги саналат. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө, анын ичинде электрондук документтер түрүндөгү маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтар нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумуна киргизилүүгө тийиш.

Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму жөнүндө жобо жана нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.

2. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунда камтылган маалыматтарды коргоо Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү жана электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112540/st-11)
