# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 "Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 "Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3304/edition/1234880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 "Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112539

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 9-марты № 55 Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112539/st-1)

"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьянын 1-пунктунда "майып болуп калган адамдар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 6-статьянын биринчи бөлүгүндө:

а) 11-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-пунктта "майыптар" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 9-пунктта "7" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;

г) 24-пунктта "майыптар" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 7-статьяда:

а) биринчи бөлүктүн 11-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү бөлүктүн 11-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) төртүнчү бөлүктө "майыптын" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 10-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 11-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 12-статьяда:

а) биринчи бөлүктүн 1-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 19-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 20-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112539/st-2)

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 11-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө расмий тилдеги текстте "местные органы самоуправления" деген сөздөр "органы местного самоуправления" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 14-статьянын 1-1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 15-статьяда:

а) биринчи бөлүктүн 1-1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 17-статьянын I бөлүмүнүн 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 18-статьянын 1-1 жана 14-пункттарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 19-статьянын 1-1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 25-статьянын 1-1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 26-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 33-статьянын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112539/st-3)

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112539/st-4)

"2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2865-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112539/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 29-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
