Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 24.02.2023 редакциясы
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- инвестициялоо максаты менен Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын экономикасына ушул Мыйзамдын 142-статьясында көрсөтүлгөн салымын ырастоочу документ.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 142-статья менен толукталсын:
"142-статья. Инвестициялык визалардын колдонулуу мөөнөттөрү
Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөттөргө берилет:
- 5 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
- 10 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо.
Инвестор өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк валютада салым кошууга укуктуу.".
Берененин тексти 24.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112532/st-1" title="1-берене - Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>