# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 41 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 41 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3298/edition/1243673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 41 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112532

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 24-февралы № 41 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112532/st-1)

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- инвестициялоо максаты менен Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын экономикасына ушул Мыйзамдын 142-статьясында көрсөтүлгөн салымын ырастоочу документ.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 142-статья менен толукталсын:

"142-статья. Инвестициялык визалардын колдонулуу мөөнөттөрү

Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөттөргө берилет:

- 5 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;

- 10 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо.

Инвестор өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк валютада салым кошууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112532/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 15(3464) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

2023-жылдын 11-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
