# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112529/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3295/edition/1237334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112529/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112529/st-1

---

"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьяда:

а) экинчи бөлүктө:

- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- бешинчи абзац "нике тууралуу күбөлүк" деген сөздөрдөн кийин "(эгерде бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төртүнчү бөлүктөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган этникалык кыргыздар инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучулардын, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана (же) кыз бир туугандарынын, чоң атасынын, чоң энесинин, таятасынын, таянесинин, неберелеринин) паспортун берет. Эгерде анын этникалык таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ырасталса, чет мамлекетте туулган, паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө улутунун графасы болбогон этникалык кыргыз кайрылман статусун ала алат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан бул адамдын этникалык таандыктыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда, кайрылман статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим кайрылман статусун берүү жөнүндө этникалык кыргыздардын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.";

2) 8-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Белгилүү жашаган жери жок кайрылмандар жана этникалык кыргыздар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталууга укуктуу.";

6) 17-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 19-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги текстинде "19-берене" деген сөздөр "19-статья" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112529/st-2)
