Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 22.02.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьяда:
а) экинчи бөлүктө:
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзац "нике тууралуу күбөлүк" деген сөздөрдөн кийин "(эгерде бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төртүнчү бөлүктөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган этникалык кыргыздар инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучулардын, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана (же) кыз бир туугандарынын, чоң атасынын, чоң энесинин, таятасынын, таянесинин, неберелеринин) паспортун берет. Эгерде анын этникалык таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ырасталса, чет мамлекетте туулган, паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө улутунун графасы болбогон этникалык кыргыз кайрылман статусун ала алат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан бул адамдын этникалык таандыктыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда, кайрылман статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим кайрылман статусун берүү жөнүндө этникалык кыргыздардын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.";
2) 8-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Белгилүү жашаган жери жок кайрылмандар жана этникалык кыргыздар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталууга укуктуу.";
6) 17-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 19-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги текстинде "19-берене" деген сөздөр "19-статья" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 22.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөЗакон · 26.11.2007 · № 175
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112529/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>