1-берене
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 86-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
1. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө тийиш. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоонун маалыматтары киргизилет, аны жүргүзүү тартиби юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген мамлекеттик каттоонун маалыматтарын жашырууга, өчүрүүгө, ошондой эле ага анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынат.
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынат. Каттоодон баш тартуу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзүүнүн максатка ылайыксыздыгынын жүйөсү боюнча каттоодон баш тартууга жол берилбейт. Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон качуу администрациялык иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жак статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана катталууга тийиш эмес.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак түзүлдү деп эсептелет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо билдирүү мүнөзүндө болот. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты каттоо үчүн анын уюштуруу жана башка документтерин мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашууну талап кылган ченемдик укуктук актыларды кабып алууга укуксуз.
4. Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда гана кайра катталууга тийиш.";
2) 87-статьяда:
а) 4-пунктта:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмүндө "анан орун алган жери," деген сөздөр алып салынсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Финансы-кредиттик мекемелердин уставдарын кошпогондо, коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын иштеп чыгуу жана бекитүү юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) 5-пункттун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмүндө "Мыйзамда" деген сөз "Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 89-статьяда:
а) расмий тилдеги аталышында "Наименование" деген сөз "Фирменное наименование" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-пунктта "мыйзамга" деген сөз "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлөт.";
4) 92-статьянын 3-пунктунда "Мыйзамда" деген сөз "Мыйзамдарда" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 98-статьянын 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарында "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 162-берененин 4-пунктунда "аталышын" деген сөз "фирмалык аталышын" деген сөздөргө алмаштырылсын, расмий тилдеги "месте нахождения фонда;" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112521/st-1" title="1-берене - Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>