# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3286/edition/1233496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112520

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 15-февралы № 26

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112520/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1021-берене менен толукталсын:

"1021-берене. Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү

1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан педагогикалык кызматкерге карата сөгүнүү, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү, -

жеке жактарга эскертүү берүүгө же 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракеттерди жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын он алты жашка чейинки курактагы баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы -

эскертүүгө алып келет.";

2) 456-берене "102," деген цифралардан кийин "1021," деген цифралар менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112520/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 (3462) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 12-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
