1-берене
Күчүндө · 16.02.2023 редакциясы
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет.";
2) 8-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет жана юридикалык жак болуп саналат.";
3) 10-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-статьянын 3-пунктунда "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 22-статьянын 3-пунктунун расмий тилдеги текстинде "с момента" деген сөздөр "со дня" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 36-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 37-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 81-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112518/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>