# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3284/edition/1231184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112518

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 16-февралы № 33 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112518/st-1)

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын 6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет.";

2) 8-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет жана юридикалык жак болуп саналат.";

3) 10-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 12-статьянын 3-пунктунда "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын;

5) 22-статьянын 3-пунктунун расмий тилдеги текстинде "с момента" деген сөздөр "со дня" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 36-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 37-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 81-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112518/st-2)

"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статьянын 13-пунктунда "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 24-статьянын 3-пунктунун 2-пунктчасында "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 38-статьяда:

а) 2-пункттун биринчи абзацында "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 6-пункттун экинчи абзацында "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112518/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 11-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
