# 8-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын компетенциялары

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 40 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3281/edition/1243725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112515/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-8

---

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзөт:

1) экстремисттик багыттагы кылмыштарды алдын алуу (профилактикалоо), аныктоо, бөгөт коюу;

2) экстремисттик ишке өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды талдоо жана болжолдоо;

3) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү, анын алдын алуу (профилактикалоо) боюнча чараларды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышынын мониторинги;

4) жазаларды аткаруу (өтөө) мезгилинде экстремисттик ишке жана соттолгондорду экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартууга каршы аракеттенүү;

5) экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасаганы үчүн жазасын өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;

6) диний кырдаалды, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, маалыматтык-үгүт иш-чараларын жүргүзүүчү диний уюмдардын, бирикмелердин, чет өлкөлүк уюмдардын миссияларынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жана миссионерлердин (чет өлкөлүк диний уюмдардын үгүтчүлөрүнүн) ишин изилдөө жана талдоо;

7) экстремисттик иштин белгилерин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизаларды жүргүзүү;

8) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде жайылтууга тыюу салынган маалыматтарга жетүүнү чектөө боюнча электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланышы кызматтарына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;

9) интернет тармагынын мейкиндигинде экстремисттик материалдардын жайылышын болтурбоо максатында ушул тармактын мониторингин жүзөгө ашыруу;

10) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;

11) билим берүү уюмдарында, жаштар чөйрөсүндө экстремисттик иштин жайылышынын алдын алуу; жаштарды толеранттуу дүйнө таанымына, алардын улутуна, динине, социалдык, мүлктүк абалына жана башка жагдайларга карабастан бардык адамдарга сабырдуу мамилеге жасоого тарбиялоо; окуучулардын экстремисттик ишти кабыл албоосун калыптандырууга багытталган, жаштардын экстремисттик ишке аң-сезимдүү каршы туруусуна түрткү берүүчү программалардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;

12) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана тиешелүү компетенттүү органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуу;

13) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн башка багыттары.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-9)
