# 7-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 40 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3281/edition/1243725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112515/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө, 7-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-7

---

1. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия коллегиалдуу консультативдик-кеңешүүчү орган болуп саналат, ал экстремисттик ишке натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана ишин өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алат.

2. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин камсыз кылат жана анын чечимдеринин аткарылышын контролдойт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112515/st-8)
